Нооруз

Илгертен кыргыздар дүйнөнүн башка элдериндей болуп төрт мезгилдин ар кайсы айларында өздөрүнүн салттуу майрамдарын майрамдап келишкен. Ошол майрамдардын бири –  Нооруз.
Байыркы Чыгыш элдеринде, ошонун ичинде кыргыздар да күн түндүн теңелген күнүн жаңы жыл – Нооруз деп белгилешкен.

Нооруз (фарс. نوروز‎, ЭФА: [nouˈɾuːz] — “Жаңы күн”) – Орто Азия элдеринин кеңири белгилене турган майрамы. “Нооруз” деген сөз байыркы фарс тилинин “науруз” деген сөзүнөн алынып, бизче “нау” – “жаңы”, “руз” – “күн” деген маанини билдирет. Совет бийлиги учурунда 62 жыл бою 21-Март – Нооруз майрамын белгилөөгө тыюу салынып, 1988-жылы гана майрамдоого уруксат берилген. Бирок Кыргызстан бул майрамды жыл сайын белгилөөгө эгемендүүлүк алганда гана жетишкен.

“Нооруз” – “жыл башы”, “жаңы жылдын башы” майрамы.

Ал эски жыл эсеби боюнча 21-март күнү белгиленет. Мүчөл сүрүү эсеби мына ушул күнгө туура келет. Бул күнү күн менен түн теңелет.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *