23-февраль “Ата-Мекенди коргоочулар” күнү!

23-февраль “Ата-Мекенди коргоочулар” күнүнө карата Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин алдындагы Кесиптик лицейде концерттик иш чара болуп өттү. Иш чараны Кесиптик лицейдин директору К.М. Тиллебаев “Мекенибизде тынчтык орноп, элибизде, жерибизде аманчылык болусун”-деген каалоо тилектерин айтып, студенттерге ийгилик каалап иш чараны ачып берди.

Концерттик программада “Ата-Мекенди коргоочулар” күнү кантип белгиленип калгандыгы тууралуу кыскача баяндама айтышты.Студенттер активдүү катышышып, өздөрүн окуудан гана эмес чыгармачылык жактан да мыкты көргөзүштү.

Концерттик программада: көркөм окуу, күч сыноо, театрдык көрүнүш, ыр, бий ж.б көргөзүштү.

Катышуучулар бардык көрүүчүлөргө мыкты маанай тартуулашты.

 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *