Ата-энелер жыйналышы.

28-февраль күнү Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин алдындагы Кесиптик лицейде  пландалган кезектеги ата-энелер жыйналышы болуп өттү. Чогулушту лицейдин директору К.Тиллебаев ачып берди, ата-энелерге жылуу сөздөрүн айтып, баарына ийгилик каалады.  Лицейде 2022-жылы толук оңдооп түзөө иштери жүргүзүлүп материялдык-техникалык база чыңалганын  баяндамасында айтып кетти. Бул жыйналышта билим берүүнүн сапатын  жогорулатуу максатында ата-энелер менен  жетишүү жана катышуу боюнча биргеликте иш алып баруу каралды. Мындан ары да  дайыма ата-энелер менен тыгыз байланышта болобуз. “Тикмечи”, “Тигүүчү” адистиктеринин 1-2-3-курстарынын  практикалык сабактарында тигилген кийимдердин  моделдери көрсөтүлдү. Ал эми “Чач тарач” адистигинде окуган студенттер күнүмдүк жана салтанатту учурларга жасалган чач жасалгаларын көрсөтүштү.  Ата-энелерге лицейдин студенттери тарабынан даярдалган чакан концерттик программа  тартууланды. Ата –энелер да өз ойлорун, сунуштарын, пикирлерин билдиришти. Алар дагы тыгыз мамиледе болуу керек экендигин айтышты. Жыйындын акырында келген ата-энелерге сурамжылоо жүргүзүлдү.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *