Кесиптик лицей төмөнкү адистиктерди даярдап келүүдө:

  • 5146  “Бычмачы”
  • 7443 “Тигүүчү”
  • 5141 “Чач тарач ”
  • 5147 “Электр жабдыктарын ондоочу электромонтёр, ширетүүчү”

 5146 “Тикмечи” окуу мөөнөтү 3 жыл, 9 класстын базасында, контракттык негизде.

3 жыл убакыт ичинде аялдардын көйнөгү, сорочка, блузка, шым, жилет, пальто, эркектердин жана аялдардын костюмун тигип үйрөнүшөт. Сапаттуу билим берүү үчүн окуу практикалык, теориялык жана лабораториялк иштер аркылуу сабактар өтүлөт. Мындан сырткары бул адистик боюнча кыска мөөнөттүү 3 айлык курстар окутулат. Окуу жылдын аягында мамлекеттик үлгүдөгү аттестат жана кесип боюнча диплом берилет.

  1. 7443 “Тигүүчү” окуу мөнөтү 1 жыл, 11 класстын базасында, контракттык негизде.

Окуу мөөнөтүнүн ичинде аялдардын көйнөгү, сорочка, блузка, шым, жилет, пальто, эркектердин жана аялдардын костюмдарын тигип үйрөнүшөт. Окутуу тездетилген программада окутулат, б.а. атайын предметтер жана практикалык сабактар боюнча гана билим алышат. Практикада тиккен кийимдерин дипломдук  иштеринде коргоп, коргоо иштери бүткөндөн кийин  адистигине жараша “Тигүүчү” деген квалификациялык дипломуна ээ болушат.

  1. 5141 “Чач тарач” окуу мөөнөтү 1 жыл, 11 класстын базасында, контракттык негизде.

1 жылдык окуу мөөнөтүнүн ичинде бул кесипте окуган окуучулар төмөнкүдөй чач жасалгаларын үйрөнүшөт: жабдууларды колдоно билүү, кесиптик этика эрежелерин билүү; аялдардын чачтарын асемдеп жасоо; аялдардын чачтарын боё; түрдүү чачтарды баштын жана беттин түзүлүш формаларына карап кыркуу эреже ыкмалары; химия жасоо сырларын, эркектердин чачын кыркуу эрежелерин үйрөнүшөт; салтанаттуу учурларга чач жасалгалоо.

Окуу жылдын аягында кесиби тууралуу диплом жана эмгек китепчесине ээ болушат. Мындан сырткары бул адистик боюнча кыска мөөнөттүү курстар окутулат жана окуу аягында сертификат берилет.

  1. 5147 “Электр жабдыктарын ондоочу слесарь-электрик” окуу мөөнөтү 1 жыл, 11 класстын базасында, контракттык негизде.

1 жылдык окуу мөөнөтүнүн ичинде бул кесипте окуган окуучулар турмуштагы татаал тетиктерди окуп үйрөнүшөт: муздаткычтардын түрлөрүн, кир жуучу автомат, жарым автомат машиналарды, өндүрүш муздаткычтарын, өндүрүштүк кондиционерлерди, газ плиталарын, электр плиталарын, чаң соргучтардын түрлөрүн, электр схемаларды монтаждоо, жөнөкөй жана буу үтүктөрүн оңдоону үйрөнүшөт, газ жана электр ширетүүнүн иштөө ыкмаларын үйрөнүшөт. Окуу жылдын аягында кесиби тууралуу диплом жана эмгек китепчесине ээ болушат.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *