Тарыхы

Кесиптик лицейдин тарыхы

1936-жылы жаш республикабыз квалификациялуу жаш жумушчу кадрларга муктаж болгон. Ошол мезгилде Ош шаарында биринчи жолу ири өндүрүштүк  ишкана жибек токуучу фабрика ачылат жана ушул фабрикага иштөө үчүн кадрларды даярдоочу фабрика-заводдук мектеп ачат. Ошентип биринчи жолу кыргыз-өзбек улутундагы кыздар токуучу станокту таанып орун алып иштешет. Алгач 30 гана окуучу окуса да, бул өзүнчө эле жеңиш болгон. Алгачкы окуу жайдын директору болуп Г.И. Прошин дайындалат. 1941-жыл биздин элибиз, мекенибиз үчүн эң оор мезгил болгондуктан көптөгөн завод, фабрикалар өлкөнүн түпкүрүнө көчүрүлүп, эл фронт үчүн күчтүү продукцияны чыгаруусу керек болгон. Ушундай кыйын мезгилде ФЗОнун окуучулары жеңиш үчүн фронтко керектүү парашют үчүн жибек жиптерин даярдап беришип өз салымдарын кошушкан.

1943-45-жылдары окуу жайды Г.В. Яковленко жетектеген.

1960-жылы №14 ФЗОнун базасына РУ №11 (ремесленное училище) 2 жылдык пила түрүүчүлөрдү даярдоочу окуу жайы уюшулган.

1962-жылы РУ №11 кесиптик-техникалык окуу жайы деп аталат.

1963-жылы окуучулардын санынын көбөйүшүнө байланыштуу  320 орундуу жаңы окуу корпусу ишке берилген.

1964-жылы Кыргыз ССРнин Турмуш-тиричилик жактан тейлөө министрлиги тарабынан жаңы 2 кабаттуу окуу-өндүрүштүк окуу корпусу  ишке берилген.

1970-жылдан баштап ГПТУ №11 Ош жана Жалал-Абад шаарындагы тигүү фабрикаларына керектүү кадрларды даярдай баштайт.

Кыргыз ССРнин кесиптик билим берүү боюнча мамлекеттик комитетинин №178-буйругунун негизинде №11 ГПТУ 3 жылдык окуу мөөнөтү менен окутулуучу кесиптик-техникалык училищага (ГПТУ №11) айландырылган.

1984-жылы ПТУ №11 СПТУ №11 болуп аталды. Кыргыз өкмөтүнүн 1999-жылдын 30-майындагы №5 токтому менен Кыргыз-Өзбек университетинин курамына кирип, Кыргыз-Өзбек кесиптик лицейи болуп (КУПЛ)  өзгөрдү.

Окуу жайдын тарыхында анын базасын чыңдоодо жана окуу тарбиялык иштерин жакшыртууда төмөнкү жетекчилер өз салымдарын кошушкан:

  1. 1936-43-жж. Прошин Г.М.
  2. 1943-45-жж. Яковленко Г.В.
  3. 1945-48-жж. Селезнева К.А.
  4. 1948-55-жж. Г.Н. Кожухарь
  5. 1955-65-жж. Волкова Надежда Демидовна
  6. 1965-75-жж.Кожухарь Григорий Никитич
  7. 1975-82-жж. Гирич Иван Кузьмич
  8. 1982-98-жж. Насыров Сталкин Насырович

1986-жылы окуу жайдын 50 жылдыгы, 1996-жылы 60 жылдыгы, 2006-жылы 70 жылдык маарекелери белгиленип өткөрүлдү. Ушул жылдардын аралыгында бүтүрүүчүлөрдүн ичинен Сунчалиева Алия Абдуллаевна “Социалисттик эмгектин баатыры” деген наам алган.

Ал эми Насыров Сталкин Насырович КТОЖ №11 ди жетектеген учурда эмгеги бааланып, «Кесип берүү министрлигинин эмгек сиңирген ишмери» деген ардактуу наамга арзыган. Эмгектин мындай алдыңкылары эмгек жамаатынын ичинде ондоп саналат.

Кесиптик лицейди  1998-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз Республикасынын «Билим берүүнүн мыктысы», «Кесиптик билим берүүнүн мыктысы», Жогорку Кеңештин «Ардак грамотасынын» ээси, университеттин “эмгек синирген ишмери” Тиллебаев Карим Маматович жетектеп келүүдө.

Кесиптик лицейде  2015-2016-окуу жылында баардыгы болуп 20 мугалим жана өндүрүштүк мастерлер  окуу, маданий тарбиялык иштери боюнча иш алып барышууда. Булардын ичинен:

  • 16 жогорку билимдүү ;
  • 3 орто билимдүү ;

1 айкалыштыруу жолу менен эмгектенет.

Жогорку квалификациялуу адистерди даярдоодо лицейде кесип берүүнүн мыктылары: Тиллебаев К.М., Сасыкбаева З., Турдубаева Г. окуучуларга билим, тарбия берүүнүн үстүндө үзүрлүү эмгектенишүүдө. Ар жылы университеттин күнүнө карата өткөрүлгөн жылдын жыйынтыгы боюнча жетишкен ийгиликтери үчүн бир топ мугалимдер жана окуу өндүрүшүнүн устаттары алдыңкы сыйлыктардын ээси болуп келишүүдө. Матякубов А.Ж., Эргешов Д., Арзыбаева М., Сасыкбаева Э. “Жылдын алдыңкы устаты” номинациясынын ээлери. 2014-2015-окуу жылындагы жыйынтык боюнча лицейдин директору Тиллебаев К.М. ”Университеттин эмгек сиңирген ишмери”, Сасыкбаева З. “Билим берүүнун мыктысы” төш белгиси менен, Азыров И. “Университеттин ардак грамотасы” менен сыйланышты. Ал эми 2015-2016-жылдын жыйынтыгы боюнча окуу өндүрүшүнүн устаты Эргешова Тахмина “жылдын мыкты устаты” номинациясына татыктуу болду. Мындан башка мугалим-мастерлер областтык администрациянын, мэриянын, университеттин, профсоюз уюмунун Ардак Грамоталары менен сыйланып келишүүдө. Адистерди даярдоодо жаш мугалимдер да  университетте, шаарда  жана лицейде өткөрүүлүчү ар кандай  иш-чараларга активдүү катышып келишүүдө. Мындан сырткары “Брейн-Ринг” акыл сынагы, “Кана эмесе кыздар, ай”, “Таланттуу кол өнөрчү” сынактарын жана көрсөтмөлүү кызыктуу  ачык сабактарды өтүшүүдө. Лицейдин жамааты эмгектенүү менен бирге, эс алууну да унутта калтырышпайт. Майрамдарды жамаат менен биргеликте ынтымактуулук менен тосуп алышып, бири-бирин куттукташып, майрамдык кечелерди да кызыктуу өткөрүшүп келишет. Жалпы жамаат мындан ары да  талыкпай эмгектенүү менен чоң-чоң ийгиликтерди жаратуу аркылуу жогорку квалификациялуу адистерди даярдай беришмекчи. Кыргыз-Өзбек кесиптик лицейи өзүнун 80 жылдык юбилейин белгилөөдө. Анын тарыхы тээ 1936-жылдан башталат. Кыргызстандагы бирден бир окуу жайлардан болуу менен Ош шаарындагы Жибек комбинатынын эң эле чон өнөр жайы үчүн жогорку квалификациялуу кадрларды даярдаган.

Бүгүнкү күндө лицей даңктуу жолдо, анткени олкөнүн саясий-экономикалык жактан жогорулоо жана төмөндөөсүндө ар түрдүү кырдаалдарды басып өттү. Сапаттуу кадрларды эч бир кыйынчылыкка карабай туруп даярдады.

Кесиптик-техникалык окуу жайында өз ишинин мыкты адистери жана өз шаарынын баатырлары иштеген. Алардын арасында көпчүлүгу орден,  медалдар менен сыйланышкан. Кээ бири Социалисттик Эмгектин Баатыры наамына да ээ болушкан, анын мисалы катары бүткүл өлкөгө белгилүү Алия Сунчалиеваны айта кетсек болот. Өзүнүн 80 жылдык тарыхында лицей бугүнкү күндө  өлкөнүн булуң-бурчунда жана коңшулш олколөрдө эмгектенип жаткан бир нече миндеген токуучуларды, тигүүчү-мотористтерди, темир усталарды, сүрөтчүлөрдү, чачтарачтарды даярдап чыгарды.

Бардык кыйынчылыктарга жана кайра жаныланууларга карабай туруп, кеиптик лицей көп жылдар бою тамчыдан куралган салтын жоготкон жок. Бул коллектив оз иштерине берилгендиги, жоопкерчилиги, биримдүүлүгү менен дайыма айырмаланып турат.

1997-жылы Кыргыз-Өзбек университетинин окуу-өндүрүшүнүн курамына кирип, Кыргыз-Өзбек кесиптик лицейи болуп түзүлдү. Эгемендүү Кыргызстан үчүн жогорку квалификациялуу адистерди даярдоодо башка адистиктер сыяктуу эле татыктуу орунду ээлеп келет.

Кесиптик лицейдин директору К.М.Тиллебаев

Кыргыз-Өзбек кесиптик лицейи өзүнун 80 жылдык юбилейин белгилөөдө. Анын тарыхы тээ 1936-жылдан башталат. Кыргызстандагы бирден бир окуу жайлардан болуу менен Ош шаарындагы Жибек комбинатынын эң эле чон өнөр жайы үчүн жогорку квалификациялуу кадрларды даярдаган.