Нооруз

Илгертен кыргыздар дүйнөнүн башка элдериндей болуп төрт мезгилдин ар кайсы айларында өздөрүнүн салттуу майрамдарын майрамдап келишкен. Ошол майрамдардын бири –  Нооруз.
Байыркы Чыгыш элдеринде, ошонун ичинде кыргыздар да күн түндүн теңелген күнүн жаңы жыл – Нооруз деп белгилешкен.

Нооруз (фарс. نوروز‎, ЭФА: [nouˈɾuːz] — «Жаңы күн») — Орто Азия элдеринин кеңири белгилене турган майрамы. «Нооруз» деген сөз байыркы фарс тилинин «науруз» деген сөзүнөн алынып, бизче «нау» – “жаңы”, «руз» – “күн” деген маанини билдирет. Совет бийлиги учурунда 62 жыл бою 21-Март – Нооруз майрамын белгилөөгө тыюу салынып, 1988-жылы гана майрамдоого уруксат берилген. Бирок Кыргызстан бул майрамды жыл сайын белгилөөгө эгемендүүлүк алганда гана жетишкен.

«Нооруз» — «жыл башы», «жаңы жылдын башы» майрамы.

Ал эски жыл эсеби боюнча 21-март күнү белгиленет. Мүчөл сүрүү эсеби мына ушул күнгө туура келет. Бул күнү күн менен түн теңелет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *