Ата-энелер жыйналышы.
28-февраль күнү Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин алдындагы Кесиптик лицейде пландалган кезектеги ата-энелер жыйналышы болуп өттү. Чогулушту лицейдин директору К.Тиллебаев ачып берди, ата-энелерге жылуу сөздөрүн айтып, баарына ийгилик каалады. Лицейде 2022-жылы толук оңдооп түзөө иштери жүргүзүлүп материялдык-техникалык база чыңалганын баяндамасында айтып кетти. Бул жыйналышта билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында ата-энелер менен жетишүү жана катышуу боюнча биргеликте иш алып баруу каралды. Мындан ары да дайыма ата-энелер менен тыгыз байланышта болобуз. “Тикмечи”, “Тигүүчү” адистиктеринин 1-2-3-курстарынын практикалык сабактарында тигилген кийимдердин моделдери көрсөтүлдү. Ал эми “Чач тарач” адистигинде окуган студенттер күнүмдүк жана салтанатту учурларга жасалган чач жасалгаларын көрсөтүштү. Ата-энелерге лицейдин студенттери тарабынан даярдалган чакан концерттик программа тартууланды. Ата –энелер да өз ойлорун, сунуштарын, пикирлерин билдиришти. Алар дагы тыгыз мамиледе болуу керек экендигин айтышты. Жыйындын акырында келген ата-энелерге сурамжылоо жүргүзүлдү.